"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков партиянын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов менен Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычовдун жаңжалы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу "Апрель" каналына билдирди.
Анын айтымында, партия мүчөлөрү күнөөлөрүнө жараша партиядан четтетилиши мүмкүн.
"Кандай болсо да бул партиянын жана өздөрүнүн аты үчүн өтө уят болду. Аларды партиядан четтетүү боюнча маселе каралат. Мен экөө менен да сүйлөштүм. Бул маселе алардын жеке маселеси болгон.
Эми тергөө органдары алардын күнөөлүү экенин аныктайт",- деди Султанбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн