Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

100 жылда бир кайталанып туруучу эпидемия: Чума, холера, испан тумоосу, коронавирус

19.05.2020 13:21
1859
100 жылда бир кайталанып туруучу эпидемия: Чума, холера, испан тумоосу, коронавирус


Ар бир жүз жыл сайын улуу пандемия болуп турат экен. 1720-жылы чума оорусу жайылса, 1820-жылы холера илдети каптаган, 1920-жылы болсо испан тумоосу миллиондогон адамдын өмүрүн алган. Ал эми 2020-жылы Кытайда пайда болгон коронавирус эпидемиясы жогоруда саналган вирустук илдеттерди эске салды.


Тарых чындап кайталанды


1720-жылы:

Бубон чумасы” деп аталган ири масштабдагы эпидемиядан кийин Марсель улуу чумасы болуп өткөн. Маалыматтар боюнча, бул илдеттен Марсель шаарында 100 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылган. Болжолдоолорго ылайык, бактерия чымындар аркылуу тарап, бири-бирине жуктуруп алышкан.  


1820-жыл:

Холера пандемиясы тууралуу алгачкы жазуулар 1820-жылы Азияда, Таиланд, Индонезия жана Филиппин өлкөлөрүндө пайда болгон. 1820-жылы Азияда бул бактериядан каза болгон 100 миңден ашык адам катталган. Маалыматтарга ылайык, пандемияны элдер көлдөн суу ичип жуктуруп алып, бири-бирине таратып алган.

1920-жыл:

Мындан туура 100 жыл мурун испан тумоосу пайда болгон. Ал учурда элдер генетикалык мутациядан жаралган H1N1 вирустук тумоосу менен күрөшкөн. Бул кадимди вирустан алда канча коркунучтуу болгон. Вирус дүйнө жүзү боюнча 500 миллион адамга жугуп, 100 миллион адамды өлүмгө алып келген. Бул тарыхта адамдар эң көп каза болгон пандемия катары таанылып калган.  

2020-жыл:

Тарых ар бир жүз жыл сайын кайталанып турат өңдүүбү же жөн гана дал келүүчүлүкпү? Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү олуттуу пандемия менен күрөшүп жаткан маалы: Кытайдагы 5 шаар 11 млн калкы менен карантинде отурат, дүйнөнүн башка өлкөлөрү да өздөрүн өздөрү камакка алышты.

Илдеттин очогу болгон Кытай 774 адамын жоготту. Өкмөттүн жана башка тиешелүү мекемелердин күчөтүлгөн карантиндик чараларына карабай, вирус Кытайдын чек арасынан өтүп, дүйнө жүзүн каптан кетти.


 Булак: medjouel.com

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн