Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

103 кызматына 17 күндө 60 миңге жакын чалуу түшүп, 1323 пневмония, 57 COVID-19 аныкталды

17.07.2020 08:38
929
103 кызматына 17 күндө 60 миңге жакын чалуу түшүп, 1323 пневмония, 57 COVID-19 аныкталды


Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан бүгүнкү күнгө чейин ыкчам медицина борборуна (103) 59 миң 83 чалуу келип түштү, деп маалымады Республикалык штабдын басма сөз кызматы.


Алардын ичинен 9 миң 442 чалуу катталып, 5 миңден ашык консультация берилди. Борбор шаардын тургундарынын билдирүүлөрү боюнча, 5071 жолу чыгуу аткарылып, 1323 пневмония учуру жана 57 COVID-19 учуру катталды, 840 адам ооруканага жаткырылды.


Белгилей кетсек, июнь айындагы ушул эле учурда 6775 кайрылуу катталып, 3481 консультация берилди.


Өткөн айда 5275 жолу чыгуу аткарылып, 325 COVID-19 учуру жана 97 пневмония учуру аныкталган, 1611 адам ооруканага жаткырылган.


Бул мезгилде 103 кызматына түшкөн чалуулардын жалпы саны катталган эмес.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн