Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

11-апрелде 2 миңден ашык милиция коомдук тартипти сактайт

09.03.2021 12:39
560
11-апрелде 2 миңден ашык милиция коомдук тартипти сактайт

2021-жылы 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда 2 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбековдун жергиликтүү кеңештерди шайлоо учурунда укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча Ички иштер органдарынын бөлүм башчылары менен онлайн-жыйынында белгилүү болду деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.


Белгиленгендей, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 2273 тилкелик шайлоо комиссиясы түзүлдү. Аталган шайлоо процессинде коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Ал эми шайлоо тилкелерине 4 миң кызматкер бекитилет. Азыркы учурда ИИМ жана БШК кызматкерлери таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү боюнча координациялык иштерди жүргүзүшүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн