Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 278 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 11-августтагы брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, бир сутка ичинде 535 жаран айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 32 миң 764 адамды түздү.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 104
- Ош шаарында – 19
- Чүй облусунда – 21
- Ош облусунда - 34
- Талас облусунда – 3
- Нарын облусунда – 13
- Ысык-Көл облусунда – 17
- Жалал-Абад облусунда – 40
- Баткен облусунда - 27
Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 40455 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн