Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

11 айда азык-түлүктүн баасы 13 пайызга кымбаттаган

12.12.2022 12:02
1096
11 айда азык-түлүктүн баасы 13 пайызга кымбаттаган



2022-жылдын 11 айында керектөө бааларынын көрсөткүчү 13,5 пайызга өстү. Бул тууралуу  Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.



Маалыматка ылайык, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары – 21,7%га, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 14,8%га, азык-түлүк эмес товарлар – 11,4%га жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 8,4%га жогорулады.


Ал эми өнөр жай тармагында өсүш байкалган, бул тармактагы продукциялардын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрында 383 млрд сомдон ашкан.


Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалып, өсүш 5,3%ды түздү, ал эми айыл чарбасында 6,4%, дүң жана чекене соодада өсүш 7,6%ды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн