Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

11-кичирайондогу мурдагы гараждардын ордуна турак-жай комплекси курулат. МИК Түлеевдин компаниясы менен келишим түзөт

10.08.2023 17:36
353
11-кичирайондогу мурдагы гараждардын ордуна турак-жай комплекси курулат. МИК Түлеевдин компаниясы менен келишим түзөт


“Мамлекеттик ипотекалык компания” акционердик коомунун акционерлери 1-августтагы кезексиз жыйынында “Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКсы менен келишимди жактырышты, деп билдирет Кыргыз фондулук биржа.


Курулуш компаниясы төмөндөгү жер участокторунда турак жай комплексин долбоорлойт жана курат:


- аянты 7,51 га жер тилкеси, Бишкек ш., 11-кичи район, Нуркамал көч, 3


- аянты 2,13 га жер тилкеси, Бишкек ш., 11-кичи район, Каралаева - Нуркамал көчөлөрү.


КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Экспострой курулуш компаниясы» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүсү Түлеев Кубанычбек Бексултанович — Бишкек шаарынын мурдагы мэринин жээни.


Акционерлер «Экспострой курулуш компаниясы» ЖЧКсына инвестициялык келишимдин шарттарында баланстык баасы 1 млрд 406 млн 821,8 миң сомдук жалпы аянты 9,64 га 2 жер тилкесин убактылуу пайдаланууга бекитишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн