11-майга
карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учур катталды. Бул
тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот
Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, илдетти жуктургандардын баары контакта болгондор.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 6;
Чүй облусу - 1;
Ысык-Көл облусу - 2;
Ош облусу - 2;
Баткен облусу - 2;
Нарын облусу - 1.
Муну менен жалпы республика боюнча жуктургандардын саны 1016га жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн