Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:15
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

11-майдан тартып ишке кирүүгө уруксат берилген кызматтардын тизмеси

10.05.2020 17:40
1245
11-майдан тартып ишке кирүүгө уруксат берилген кызматтардын тизмеси


Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.   

Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалдын экономикалык ишмердүүлүккө тийгизген таасирине ылайык иштелип чыккан бул багыттагы иш-аракеттерди жандандыруунун этаптуу жол-жобосу абалдын өзгөрүшүнө жараша оңдоп-түздөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралганын белгиледи.

Премьер-министрдин айтымында,  эртең, 11-майдан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:   

1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:

- микрофинансылык уюмдар;

- камсыздандыруу компаниялары;

- ломбард;

- акча алмаштыруу пункттары;

- кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

- туристтик агенттиктер;

- адвокаттык кызматтар;

- басма кызматтары.

2. Калкты тейлөө кызматтарынан:

- сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

- тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;

- химтазалоо. 

3. Соода чөйрөсүнөн:

- курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

- автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

- тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

- автосалондор – авторыноктордон сырткары.

4. Массалык маалымат каражаттары.

Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө карата белгиленгендей, эпидемиологиялык кырдаалга жараша ишке чектелген сандагы кызматкерлер тартылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн