Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 77 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 11-сентябрдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 17
- Ош шаарында – 3
- Чүй облусунда – 5
- Ош облусунда - 9
- Талас облусунда - 1
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 9
- Жалал-Абад облусунда – 13
- Баткен облусунда - 19
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 44761ди түздү.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 144 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 40 631.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн