11-январдан Жогорку окуу жайлардын студенттери салттуу режимде окуй баштайт. Бул тууралуу CentralAsia билдирди.
Өзбекстандын ЖОЖдорунда салттуу билим берүү формасы 11-январда башталат, деп билдирди Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Фархад Бабашев 4-январдагы брифингде билдирди.
"Эксперимент катары 2021-жылдын 11-январынан тартып ЖОЖдордо билим берүү салттуу түрдө башталат", - деди Бабашев.
Эске салсак, коронавирус илдетинин алып келген пандемиясынан улам дүйнөнүн көп мамлекеттеринде окуу онлайн форматка өткөн эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн