Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан Армения менен кызматташууга өзгөчө маани берерин, анын негизин биздин элдерибиздин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган көп жылдык достук мамилелер түзөрүн белгиледи. Эки республиканын ортосунда саясий диалог түзүлүп, мамлекеттер аралык укуктук база түзүлдү.
“Ошол эле учурда биз мамилелердин азыркы потенциалын сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрө турган кызматташтыктын алда канча өнүккөн формаларына умтулушубуз керек”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги механизмдеринин бири Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясы болушу керектигин кошумчалады. Комиссиянын экинчи отурумун 2026-жылдын башында Бишкекте өткөрүү пландалууда.
Өз кезегинде Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал республиканын ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө умтулуусун белгиледи.
Ален Симонян эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттамдарды түзүүнүн, инновациялар жана технология тармагында кызматташуу потенциалын өнүктүрүүнүн, Кыргызстанда Армениянын маданият күндөрүн жана Арменияда Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өз ара сооданы активдештирүү, маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн