Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:42
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

11 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну изделүүдө

11 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну изделүүдө


Жалал-Абад шаарынын тургуну 2009-жылы туулган Тургунова Ойдиной 2020-жылдын 4-декабрь күнү түшкү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Шабдалызар” базарында апасы соода кылган жерден үйүнө кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. 

Учурда Тургунова Ойдинойдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 115-130 см, өңү кара тору, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Ток кызыл түстөгү куртка, кызыл түстөгү шапка, сары түстөгү шым, кара түстөгү маасы-галош. 

Дайынсыз болуп жаткан Тургунова Ойдиной тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. 

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн