Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

118ге чалуу кыйын болуп жатканы боюнча өкмөткө нааразылыктар түшүүдө

20.06.2020 12:33
934
118ге чалуу кыйын болуп жатканы боюнча өкмөткө нааразылыктар түшүүдө


Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 20-июнда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында 118 кызматынын дараметин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Коомчулук тарабынан бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразылыктар түшүүдө. Эгерде жаран колл-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Колл-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кызматтын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет», - деди ал. 

Премьер-министр мамлекеттик лабораториялар анализдер кыска убакыттын ичинде чыгышы үчүн күнү-түнү иштөө режимине өтүүгө тийиштигин айтты. Мындан тышкары жеке лабораториялар тарабынан COVID-19 анализ алуу маселесин иштеп чыгуунун маанилүүлүгү белгиленди. 

Жыйындын жүрүшүндө аярлуу жарандарды сезондук сасык тумоого эмдөө, медицина кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн медициналык мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу, телемедицинаны өнүктүрүү маселелери талкууланды. 

Кубатбек Боронов калк кызмат көрсөтүүлөрдү үйүнөн чыкпай, аралыктан алуусу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүү керектигин баса көрсөттү. 

Ал ошондой эле мамлекеттик органдарга, жеке менчик уюмдарга аралыктан иштөө режимине өтүп, социалдык обочолонуу эрежелерин сактоо сунушталарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн