Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

12-февралда Бишкекте дагы бир бейтаптын бөйрөгүнө акысыз операция жасалат

09.02.2024 16:44
170
12-февралда Бишкекте дагы бир бейтаптын бөйрөгүнө акысыз операция жасалат


12-февралда Кыргызстанда дагы бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу үчүн кезектеги операция пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


Билдиремеге караганда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна операция жасоо өтүнүчү менен 50 адам кайрылган.


"Бүгүн 9-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин бөйрөгүнө акысыз операция жасаткан бейтап менен донордун абалын сурап ооруканага барды. Бейтапка атасы донор болгон. Алар өлкө башчыга ыраазычылык билдирип, бүгүн ооруканадан чыгышты", — деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине муктаж бейтаптарга бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырган. Учурда өлкөдө 2500дөн ашык бейтап гемодиализ алат. Алардын баарына акысыз операция жасоо пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн