Өткөн суткада коронавирус 619 кишиден катталып, 296 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, оору учурда Ош шаарында күч алууда.
Жуктургандар:
- Бишкек – 273;
- Ош – 110;
- Чүй облусу – 99;
- Ош облусу – 57;
- Талас облусу – 7;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 22;
- Жалал-Абад облусу – 26;
- Баткен облусу – 20.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпы 109 812ге жетти. Анын ичинен 102 314ү дартты жеңген.
Айыккандар:
- Бишкек – 142;
- Ош шаары – 41;
- Чүй облусу – 42;
- Ош облусу – 13;
- Талас облусу – 4;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 26;
- Жалал-Абад облусу – 19;
- Баткен облусу – 2.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан беш бейтап көз жумган. Анын төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда катталган. Муну менен коронавирус жалпы 1 881 адамдын өмүрүн алды. Стационарларда 1 949 адам дарыланып жатат. Анын ичинде 585и оор абалда болсо, 90 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн