12-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, илдетти жуктургандардын баары байланышта болгондор.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 10;
Чуй облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 3;
Нарын облусу - 7.
Муну менен жалпы республика боюнча жуктургандардын саны 1037ге жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн