12-майга карата өлкө боюнча стационарларда 316 бейтап жатат. Бул тууралуу 12-майдагы
брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот
Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1037 учуру катталып, алардын 709у ооруканадан чыгарылды.
Ал эми учурда стационарларда 316 адам дарыланууда.
Мындан сырткары, COVID-19 вирусуна чалдыкканар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 594 (байланышта
болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 1109 адам жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн