Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:26
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт. Нарында маршруттук такси жана таштанды үчүн төлөм кымбаттайт

24.01.2023 11:02
354
12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт. Нарында маршруттук такси жана таштанды үчүн төлөм кымбаттайт

Нарын шаарында жол кире акысы жана таштанды төлөмдөрүнүн баасы жогорулайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.


Муниципалитеттен белгилешкендей, шаар аймагында маршуруттук таксилердин жол кире акысы 10 сомго көтөрүлөт. Тактап айтканда, буга чейин жол кире акысы окуучулар үчүн 5 сом болсо, эми 10 сом болот. Чоңдор үчүн жол кире акысы буга чейин эле 10 сом болгон.


"Ошондой эле таштанды төлөмдөрүнүн да баасы 12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу 2022-жыл ичинде Нарын шаарынын 5 аймагында коомдук талкуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында таштанды жана жол киренин баасын көтөрүү боюнча чечим Нарын шаардык кеңешине сунушталган", - деп айтылат маалыматта.


Таштанды тарифин көтөрүүнүн максаты - таштанды чыгаруу чыгымын толтуруу жана кызматкерлердин маянасын көтөрүү. Ал эми жол киренин тарифин көтөрүүнүн себеби күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташына байланыштуу коомдук унаалардын жолго кеткен чыгымын актоо менен унаалардын санын көбөйтүү болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн