Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

12 жашар баланы сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

10.03.2020 11:41
956
12 жашар баланы сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

12 жашар өспүрүмдү унаасы менен сүзүп качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-марттында  болжол менен саат 11:30дар чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Садырбаев көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, Садырбаев жана Семетей көчөлөрүнүн кесилишинен 2008-жылы туулган А.Б. аттуу баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында өспүрүм жабыркап, №3 балдар  ооруканасына кайрылган.


Кийин ыкчам издөө  иш-аракетинин натыйжасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын  кайгуул кызматынын издөө  бөлумү тарабынан 2020-жылдын 7-марттында “Мазда” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1965-жылы туулган Э.Т. атуу жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.


Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү  реестрине катталып, 155-берененин (Автомототранспорттук  каражаттардын кыймылынын жана аларды  пайдалануунун коопсуздук эрежелерин  бузуу) негизинде сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн