Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

12 жыл ӨКМде иштеген Кубатбек Бороновдун өмүр баяны

16.06.2020 14:27
1478
12 жыл ӨКМде иштеген Кубатбек Бороновдун өмүр баяны


Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлү коалициясы премьер-министрлик кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды. 


Өмүр баяны: 

Кубатбек Боронов 1964-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган.


Билими: 

1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун "Айыл чарба курулуш" факультетин аяктаган; 


Эмгек жолу: 

1991-жылы — "Фрунзекурулуштун" СМУ-9 трестинде кыш кыноочу;

1992-жылы — "Кыргызкурулуш" АКна караштуу "Стройлескомплект" ПБдө 1-категориядагы инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы;

1998-2000 — "Кыргызкурулуш" АКна караштуу жыгач иштетүүчү заводдун директору;

2001-2002 — "Гоктүрк" ЖЧУ директорунун орун басары;

2003- 2006 — ЭӨКМне караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2006-2008 — ӨКМдин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары, КР ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;

2009- 2010 — ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;

2010-жылы ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору;

2010- 2011 — Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

24.12.2011 — 20.04.2018 — КР өзгөчө кырдаалдар министри;

2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР Биринчи вице-премьер-министри.


Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
ПМге кайрадан жардамчы болсо кк. Убакытуулу босо керек. А.Эркин отурса керек