Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

12 жылдык билим берүү. Балдарды биринчи класска канча жаштан берүү керек?

03.04.2024 12:00
187
12 жылдык билим берүү. Балдарды биринчи класска канча жаштан берүү керек?


Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова “Кыргыз радиосунун” эфиринде өлкө мектептерине 12 жылдык билим берүүнүн киргизилиши менен балдарды 1-класска канча жаштан берүү керектиги тууралуу айтып берди.

"Келерки окуу жылында мурунку жылдардагыдай эле 1-класска балдар 6-7 жашка чыкканда кабыл алынат. Ата-эне баласын 1-класска 6 жаштан эмес, 7 жаштан бергиси келсе, бул алардын укугу. Ата-энелер балдарын бала бакчадагы “Наристе” программасы боюнча окутуп, 7 жаштан мектепке берсе болот. Же нөлүнчү класска жөнөтө алат, алар азырынча балдарды кабыл алат", - деди Кусеинова.

Анын айтымында, билим берүүнүн жаңы моделин киргизүүгө даярдык кызуу жүрүп жатат. Жумуш абдан көп. 12 жылдык билим берүү модели этап-этабы менен киргизилет. Азырынча балдарды мектепке кабыл алуунун эски системасы дагы эле күчүндө. Жаңы модель расмий түрдө киргизилгенде балдарды кабыл алуу, алардын жаш курагы, класстан класска өтүү сыяктуу кошумча маалыматтар берилет.

Белгилей кетсек, келерки жылы өлкө мектептерине 1-класска 170 миңдей баланы кабыл алуу пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн