Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

1200 доллар пара талап кылган ОшМУнун мугалими кармалды

1200 доллар пара талап кылган ОшМУнун мугалими кармалды


1200 доллар пара талап кылган ОшМУнун мугалими кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы  билдирди.


1.  Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ноокат районунун 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда ал баласын Ош мамлекеттик университетине өткөрүү үчүн аталган окуу жайга алып барган учурда  окуу жайдын   мугалими 1200  доллар акча  талап кылып жаткандыгы тууралуу билдирген.  


13-сентябрда акча сураган жарандар боюнча маалыматтар такталып,ыкчам иштер алынып барылды. Натыйжада  арыздануучу тарабынан талап кылынган  акчанын бир бөлүгүн, 40 миӊ сом акчаны алып жаткан учурда аталган окуу жайынын  кызматкери Ө.А. кармалды.  Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой , ал тиешелүү сумманы Ош шаарынын Токтогул эс алуу багына алып келип берүүнү айткан.


Кармалган учурда аталган сумма шектүүнүн жанынан чыкты.


Учурда, пара алууга шектүү катары кармалган Ө.А убактылуу кармоочу жайга киргизилди, ал алгачкы көрсөтмөсүндө арыздануучудан чындыгында эле анын баласын окууга өткөрүүгө көмөктөшүү  1200 доллар сураганын билдирген. Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 238-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. 


2.   Ушундай эле  факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан   Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинин мугалими  У.И. кармалды. Ал баласын аталган мектепке өткөрүү үчүн барган энеден 2000 (эки миӊ) сом акча талап кылган.


Кармалган учурда аталган сумма шектүүнүн жанынан чыккан. Шектүү үй камагына чыгарылды. 


Учурда аталган эки факт боюнча Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын негизинде тиешелүү иликтөө иштери  алынып барылууда.

                     

                                                                  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн