КР эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков 124 саат тыным албай “Манас” эпосун айтып Гиннесс Рекорддор китебине катталды. Бул тууралуу "Улуттук телерадио корпорациясы" кабарлады.
Маалыматка ылайык, сертификат Түркия мамлекетинин Бурса шаарында ыйгарылды.
Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Түркияда Манас жумалыгы өтүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн