Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

128 троллейбус линияга чыкты. Бишкек мэриясы айдоочулар менен келишим түздү

14.08.2023 10:32
303
128 троллейбус линияга чыкты. Бишкек мэриясы айдоочулар менен келишим түздү


Бүгүн, 14-августта 128 троллейбус линияга чыкты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Алардын айтымында, мэрия троллейбус айдоочулары менен келишим түзгөн.


Буга чейин 60ка жакын айдоочу кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы маалымдалган. Алар айлык акыны көтөрүүнү талап кылышкан.


Белгилей кетсек, 20-августтан тарта борбор калаанын муниципалдык транспорту накталай эмес төлөмгө өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн