Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 19:22
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

13-декабрда «Sheraton» отелинде 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы талкууланат

09.12.2021 17:09
790
13-декабрда «Sheraton» отелинде 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы талкууланат

2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбоору коомдук талкуудан өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 13-декабрында «Sheraton» бизнес-борборунда Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбоору коомдук талкуудан өткөрүлөт.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.


Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президентинин үстүбүздөгү жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы аркылуу Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы бекитилген.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн