Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 13-июнда онлайн брифингде билдирди.
Нарын
облусунда – 2
Чүй
облусунда – 2
Ал эми
стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык
кызматкерлер арасында – 429 учур катталды, алардын ичинен 339 медкызматкер
стационарлардан айыгып чыккан.
“Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунун жаңы 41 учуру катталды. Алардын 9у четтен келген жарандардан табылса, 14ү оорулуу менен байланышта болуп, медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 18 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек”, - деди Н.Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн