13-майга
карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 7 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот
Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Чуй облусунда - 5;
Ош облусунда - 1;
Нарын облусунда - 1.
Муну менен жалпы республика боюнча жуктургандардын саны 1044кө жетти.
Ал эми илдеттен 17 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн