Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 10:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

13 млн сом зыян келтирилген. Ат-Башы айылынын жооптуу кызматкерлери жана Авангард-Строй курулуш компаниясынын башчысы кармалды

27.01.2022 11:33
739
13 млн сом зыян келтирилген. Ат-Башы айылынын жооптуу кызматкерлери жана Авангард-Строй курулуш компаниясынын башчысы кармалды

Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жана Авангард-Строй курулуш компаниясынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, анын ичинде социалдык билим берүү объектилерин каржылоону жана курууну көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 26-январында сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалды. 


Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, аталган жеке уюмдун эсебине 20 607 669 сомду негизсиз которгондугу аныкталды.

Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын орутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.


Кармалгандар Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн