Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип дагы бир милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, 1983-жылы туулган Д.К. аттуу Ленин РИИБинин инспектору, милициянын лейтенанты кылмышка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 19 жаштагы жаран кармалды. Ошондой эле аталган фактыга 3 милиция кызматкеринин тиешеси бар экендиги да айтылган.
Буга чейин Свердлов райондук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек кызды зордуктаган деп 2 адам кармалган. Алардын бири Свердлов РИИБинин кызматкери болгону жазылган.
Пикирлер (1)