Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:24
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

135 миң долларды алдап ээлеп алган. УКМК Октябрь РИИБдин кызматкерине издөө жарыялады

06.12.2021 18:46
566
135 миң долларды алдап ээлеп алган. УКМК Октябрь РИИБдин кызматкерине издөө жарыялады


УКМК тарабынан мамлекеттик органдар системасында, өзгөчө укук коргоо системасында мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштер улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКга КРнын жараны “О.А.” Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери “С.Р. кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылды.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

 “С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн