14-ноябрда Бишкектин 3 конушунда суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, "Энесай" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 14-ноябрда саат 9.00дөн 17:00гө чейин Энесай, Дордой - 1 жана Дордой - 2 конушутарында суу берүү токтотулат.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн