Аяк оона 18, 2024
Убакыт: 14:51
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

14 жылдан бери жабык турган кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети ишке кирди

01.09.2023 14:57
259
14 жылдан бери жабык турган кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети ишке кирди


Жалал-Абад облусунун Сузак району менен коңшу Өзбекстандын Андижан облусунун Ханабад шаары менен чектешкен "Бек-Абад" көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Аталган бекет 2009-жылдан бери жабык турга. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Өзбекстандын Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов жана эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары катышты.

Иш-чарада облус башчысы Абсаттар Сыргабаев чек аранын ачылышы эки өлкө элдеринин көп жылдык мүдөөсүн ишке ашыруудагы тарыхый учур экенин белгиледи. Буга чейин чек аранын жабык турганы туугандык мамилелердин солгундашына, чек арадагы жакынкы аралыкка жетүү үчүн узак жол жүрүп түйшүк тартып келишкенин айтты. Элдердин карым-катнашын чыңдоо багытындагы бул аракет эки мамлекеттин президенттеринин туура саясий чечиминин натыйжасы экенине токтолду.

Ыйгарым укуктуу өкүл ачылган чек ара Өзбекстан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы көп кылымдык тарыхый салттар, ынак достук жана жакшы коңшулук алакаларын дагы да бекемделишине чоң салыш кошоорун, Жалал-Абад жергеси, андагы туристик жайлардын эшиги коңшу мамлекеттин тургундары үчүн ар дайым ачык экенин кошумчалады.

Эми Сузак районундагы Бек-Абад чек ара өткөрмө бекетинен жөө жүргүнчүлөр жана жеңил унаа каттамдары өтүүгө болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн