Жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында "Достук-автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында тиешелүү лицензиялары жок валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн чарба субъекттеринин ишмердүүлүгү токтотулду.
УКМКдан такташкандай, көзөмөл өткөрүү пунктуна жанаша жайгашкан аймакта чет өлкөлүк валюта алмаштыруу кызматын көрсөткөн 116 пункт аныкталды, алардын 84үнүн тиешелүү лицензиясы жок.
Буга чейин УКМК Улуттук банктын Оштогу кеңсесинин катышуусунда атайын иш-чараларды уюштуруп, анын жүрүшүндө мыйзамсыз валюта алмаштыруу иш-аракеттерин жүргүзгөн адамдарга административдик чаралар көрүлүп, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Бирок, административдик чара көрүлбөй, мыйзамсыз иш-аракеттер улантылганын белгилей кетүү керек.
Натыйжада УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдө киреше алууга багытталган мыйзамсыз ишкердик жана банктык иш-аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ушул жылдын 26-октябрында жогоруда аталган акча алмаштыруу жайларында массалык тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада 66 млн 490 миң 671 сом, 941 миң 360 АКШ доллары, 3 млрд 635 млн 527 миң 600 өзбек суму, 3 млн 531 миң 200 казак теңгеси, 66 млн 729 миң 142 орус рубли, 170 тажик сомониси, 29 миң 890 түрк лирасы, 23 миң 361 евро, 53 миң 920,5 кытай юаны конфискацияланып, акча алмаштыруу жайлары жабылып, мөөр басылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн