Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:58
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

146 партия жергиликтүү кеңешке өттү

12.04.2021 15:49
950
146  партия жергиликтүү кеңешке өттү


 Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкандардын саны 1 млн 295 миң 943 жаранды түздү. Бул тууралуу брифингде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.


Анын айтымында, анын ичинен шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого 386 миң 365 жаран катышты, бул 36,82%ды түзөт (1 млн 49 миң 441 шайлоочу), ал эми айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоого 909 миң 578 жаран добуш беришкен, бул 40,09%ды түзөт (2 млн 268 миң 689 шайлоочунн ичинен).

“Өлкө боюнча 2273 шайлоо тилкеси ачылган, шаардык кеңештерге – 598 тилке, айылдык кеңештерге – 1675 тилке ачылган. 28 шаардык кеңеште 796 мандат бар. Шаардык кеңештерге шайлоого 236 саясий партия катышты, анын ичинен 146 146 партиянын талапкерлери 7%дык чектен ашты”,-деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн