Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 21:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келди, - Сооронбай Жээнбеков

25.07.2020 14:33
2489
15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келди, - Сооронбай Жээнбеков


15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келди. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде айткан.


Президенттин айтымында, сырткы карыздарды төлөө убактысын жылдыруу багытында пандемияга чейин сүйлөшүүлөр болуп келген. Азырда ал маселелер чечилип жатат.


Буга чейин алынган карыздарды, биз — мамлекет, төлөшүбүз керек. Мына буга чейин 5 жыл, 10 жыл мурун, 15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келди. Кээ бирлери 5 жылдык мөөнөт менен алынган оор кредиттердин төлөө мөөнөтү дагы келип калды. Мөөнөтүн узартуу боюнча тынбай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Биздин өнөктөштөр азыркы кырдаалды туура түшүнүп, Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилешти. Мен өзүм бардык финансы институттары менен, тиешелүү мамлекет жетекчилери менен телефон аркылуу февраль айында сүйлөшө баштагам. Анын жыйынтыктары болуп жатат.

Мисал катары айтсам, июнь айында Париж клубунун кредиторлоруна тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү Меморандумга кол коюлду.

Андан тышкары, Кытай тарап менен, Париж клубунун мүчөлөрү — Германия, Франция, Дания, Корея, Япония менен, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду менен да тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жетиштик. Аларга да рахмат, туура түшүнүп, муну дагы колдоп беришти”, - деген мамлекет башчысы.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бактыгуль
Чындыгында оорулу адамды караш ушунчалык кыйын, балдарың кредит того албай кыйналып жаткан адамдар коп. Бай тушум банкынын ипотекпга 500000 алып 2 айдан кийин 220000 толоп салганмын 10 жылдан бери калганын толоп келип жаткам %эле толоп журуптурмун ушул убакка чейин основной суммасы дагы 240000 бар дейт жолдошум инсульт болуп ооруп калгандан кийин толой албай калдым
Суров Эдилбек мусаевич
Казыр элдин көбү кредит алып оокат кылып жан багуу үчүн иштеп жаткан азыркы учурда кредит төлөгөнгө элде акча жок дары алалбай жүргөндөр бар ошондуктан элге жардам берип койсоңуз менин 2 жерде кредитти бар орууп калып жумушка чыгалбай жатам кантип төлөйм жардам бериңиз .