Кыргызстанда коронавирус илдетинен айыккандардын саны 78 адам. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, стационарда 366 жаран жатат. Анын ичинде 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда. COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптарды абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда.
Мындан сырткары, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 28 222, алардын 27 033 изилдөөлөрдонөткөн. Ал эми сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 981ди түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн