15-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 29 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Жаңы аныкталган учурлар:
Бишкек шаарында – 6;
Чуй облусу - 4;
Ош шаарында - 4
Ош облусунда - 1;
Жалал-Абад облусу - 2;
Ысык-Көл облусунда - 1;
Нарын облусу - 11.
Муну менен жалпы республика боюнча жуктургандардын саны 1111ге жетти.
Ал эми илдеттен 9 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылып, жалпы дартты жеңгендердин саны 745 бейтапты түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн