Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

15 миң сомдон сыйлык берилди. Таласта Олимпиада оюндарынын катышуучуларына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

27.10.2021 16:45
637
15 миң сомдон сыйлык берилди. Таласта Олимпиада оюндарынын катышуучуларына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 27 октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун чакыруусу менен Токио Олимпиадасында жана Нарвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде жеңишке жетишкен спортчулар Талас облусуна келишти. Бул тууралуу облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


Спортчуларды алардын ата-энелерин жана машыктыруучуларын “Манас Ордо” улуттук комплексинен облус башчысы Бакытбек Нарбеков тосуп алды.


Коноктор Манас атанын күмбөзүнө зыярат кылган соң Талас шаарынын борбордук аянтында уюштурулган салтанаттуу иш чарага келишти. Салтанаттуу иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталды.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, өз куттуктоо сөзүндө: “ сиздердин жеңишиңиздердин артында узак жылдардан берки опол тоодой мээнет, чыдамкайлык, жана Жараткандан берилген шык жөндөм жатканын ар бирибиз сезип турабыз. “Курама жыйып журт кылган, кулаалы таптап куш кылган, Айкөл Манас Атабыздын чыныгы урпактары катары олимпиадада жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылганыңыздар жалпы кыргыз элине зор сыймыктанууну жаратты. Сиздердин ийгилик, эгемендүү Кыргызстандын 30 жылдык мааракесине эң баалуу татыктуу белек болду” деди .


   Салтанаттуу иш чаранын жалпы катышуучуларына “Семетейдин Таласка келиши” аталышындагы театралдык оюн тартууланды.


  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, балбандар Мээрим Жуманазарова, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбековго ар бирине 70 миң сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырып кыргыздын каада салты ылайык чепкен жаап тебетей кийгизди.


Ал эми эмгек сиңирген машыктыруучулар Хаким Махмудов, Нурбек Изабеков, Мейрембек Ахмедов, Чынарбек Изабековго 50 миң сомдон акчалай сылыктар тапшырылып чепкен жабылып тебетейлер тартууланды.


Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулар Азат Эркинбаев, Улук Карачолоковго жана спортчулар Атабек Азибеков жана Үзүр Джусубековго 30 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылып жогорудагыдай сый сыпат көрсөтүлдү.


Ал эми спортчулардын ата-энелерине 15 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылып баалуу белектер тапшырылды. Иш чара республикалык жана жергиликтүү маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн