Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

15 млн зыян боюнча Талас облустук администрациясы УКМКнын маалыматына түшүндүрмө берди

30.09.2021 09:44
1124
15 млн зыян боюнча Талас облустук администрациясы УКМКнын маалыматына түшүндүрмө берди

Кечээ, 29-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына таянып бир нече массалык маалымат каражаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныктагандыгы тууралуу жазып чыкты.


Маалыматта өкүлчүлүктүн айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттеринен улам мамлекетке 15 миллион сом зыян келгени жана аталган факт боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылган.


Жогорудагы маалыматка түшүндүрмө катары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы расмий билдирет : Жогоруда аталган коррупциялык схема тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан өкүлчүлүктүн 2020-жылга чейинки ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында аныкталган.


Андыктан, учурдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине эч кандай тиешеси жок.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн