Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 71 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 15-сентябрдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 13
- Ош шаарында - 3
- Чүй облусунда – 4
- Ош облусунда - 9
- Талас облусунда - 1
- Нарын облусунда - 2
- Ысык-Көл облусунда – 6
- Жалал-Абад облусунда – 10
- Баткен облусунда - 23
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 44999ду түздү.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 80 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 41 103.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн