Бугу 13, 2024
Убакыт: 09:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

15 жаштагы баланы коркутуп тоногон жарандар кармалды

20.09.2021 13:08
969
15 жаштагы баланы коркутуп тоногон жарандар кармалды

Сокулук районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-сентябрында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен О.С. аттуу 1999-жылы туулган жаран кайрылган. Себеби, 17-сентябрда жашы болжол менен 25-30 чамасындагы белгисиз үч адам анын 2004-жылы туулган инисин карактап тоноп кетишкендигин билдирген.


Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталган.


Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө милиция тарабынан белгисиз үч жаран өспүрүмдү өзүлөрүнүн унаасына отургузуп, үйүнө чейин жеткирип коюуну сунуштап, Военно-Антоновка айылынын жанындагы айланма жолдон токтоп, белгисиз тапанча менен коркутуп уюлдук телефонун жана акчасын алып, баланы ошол жакка таштап, белгисиз тарапка качып кетишкендиги аныкталган.


Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1996-жылы туулган Л.Э., А.Н., 1987-жылы туулган З.Э. жана 2001-жылы туулган М.И. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн