Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:15
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

15 жаштагы кыз 64 жаштагы киши тарабынан зордукталып, көз жарды

15 жаштагы кыз 64 жаштагы киши тарабынан зордукталып, көз жарды

Ош облустук милициясы Араван районунда зордукталган 15 жаштагы өспүрүм кыз 15-майда көз жарганын билдирди.


Облустук милициянын маалыматына ылайык, тергөөдө өспүрүмдү 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталган.


Окуя 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгон. Өспүрүмдүн зордукталып, кош бойлуу экенин аны апасы үч айдан кийин ооруканага алып барганда билинген.


Аталган факты боюнча өткөн жылдын аягында, 3-декабрда сотко чейинки өндүрүш ачылып экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында кылмыш жасалгандыгы аныкталгандыктан айыпталуучу 4-июнда кармалган. Сот аны 22-июнга чейин камакка алууга чечим чыгарган.


Аталган кылмыш Жазык кодексинин 162- беренеси "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" менен катталып, Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилген.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн