Өзгөн районунда 15 жаштагы кызды зордуктаган бала үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
20-декабрда кыздын энеси милицияга 19-декабрда үйдөн чыгып кеткен кызы кайтып келген эмес. Милиция жоголгон кызды 31-декабрда таап, ата-энесине өткөрүп берген.
"Милиция менен болгон сүйлөшүүдө кыз аны 16-жаштагы кошунасы зордуктаганын мойнуна алган. 5-январда жабырлануучунун энеси милцияга арыз менен кайрылган. Кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталып, 16-жаштагы М.Т аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 30-январда сот М.Тнын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган" ,- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн