Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 20:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мас айдоочуну жазалоо боюнча жаңы мыйзам коомдук талкууга коюлду

07.07.2022 11:15
665
15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мас айдоочуну жазалоо боюнча жаңы мыйзам коомдук талкууга коюлду


Эл өкүлү Марлен Маматалиев Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.


Сунушталып жаткан мыйзам колдоо тапса, мас абалында унаа башкарып эреже бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, азыркы мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп белгиленген.


Жаңы жобого ылайык, алкоголдун концентрациясынын жол берилген чегинен ашкандыгы үчүн айып пул 50-80 миң сом болору айтылган. Азыркы тапта 17 500 сомду түзөт. Ал эми медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тарткандыгы үчүн, ошондой эле унааны мас адамга башкарууга бергендиги үчүн да 17500 сом айып каралган.


Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, Кыргызстанда жол кырсыктарынын эң негизги себеби - мас абалында унаа башкаруу болуп калууда. Экинчи орунда жогорку ылдамдыкта айдоо турса, андан кийин айдоочуларда тиешелүү квалификациянын жоктугу, ошондой эле айдоо тажрыйбасынын жоктугу.


Расмий маалыматтарга ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам кайтыш болгон, алардын ичинен 93ү – жашы жете электер.
https://www.super.kg/kabar/news/412365/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн