Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 00:32
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

150 кг ун жана 15 литр май. БУУ аркылуу Россиядан келген ун менен май тартылат

22.04.2022 16:17
455
150 кг ун жана 15 литр май. БУУ аркылуу Россиядан келген ун менен май тартылат

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия тараптан берилген 810 тонна байытылган ун жана 120 тонна өсүмдүк майын алды.


Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, БУУ ДАП колдогон долбоорлорго катышкан 27 миң үй-бүлөгө буудай уну берилет.


"Жардам "эмгек ордуна азык-түлүк" долбоорунун катышуучуларына берилет, ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз түшкү тамак даярдоо үчүн өлкөнүн мектептерине бөлүштүрүлөт.


Ар бир үй-бүлөгө 150 килограмм ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет", - деп айтылат маалыматта.


Сөз болуп жаткан долбоорлорго аз камсыз болгон жарандардын ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө, бак-дарактарды отургузууга, жээктерди бекемдөөгө, республика боюнча көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууга катышуусу кирет.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн