Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:00
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

16-апрель: Өлкөдө 70 жаран коменданттык саатта тартип бузду

16.04.2020 09:02
907
16-апрель: Өлкөдө 70 жаран коменданттык саатта тартип бузду


 

Бүгүн, 16-апрелге карата республиканын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузган 70 жаран кармалды, деп билдирди ИИМ басма сөз кызматы.


Алар ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилип, 15 автоунаа атайын жайларга токтотулду.


Алардын ичинен:


Бишкек шаары боюнча - 39


Жалал-Абад шаары боюнча – 3,


Ош шаары боюнча - 11,


Нарын шаары боюнча - 8


Ноокат району боюнча - 2,


Ат-Башы району боюнча - 7.

 

Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2646  жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

 

ИИМ жарандарды обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экен эскертип, социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

 

 

 

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн