Кыргызстанда бүгүн, 16-апрелге карата COVID-19 инфекциясын жуктурган жаңы 17 учур катталды, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде.
Маалыматка ылайык, 16-апрель саат 10:00гө карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Муну менен жалпы 466га жетти.
Жаңы катталгандардын ичинен:
Бишкек шаарында – 5,
Ош облусу – 1,
Нарын облусунда – 11.
Алардын ичинен 7 аял, 10 эркек.
Вирус табылгандардын бешөө медиктер. Муну менен жалпы коронавируска чалдыккан дарыгерлер 104кө жетти.
Пикирлер (1)