16-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 521 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 273;
Чүй облусу - 74;
Ош шаарында - 38;
Ош облусу - 16;
Жалал-Абад облусу - 43;
Ысык-Көл облусу - 30;
Талас облусун - 81;
Баткен облусу - 39.
Муну менен республика боюнча жалпы 12 498 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 75 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 3 735 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн