16-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 100 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июнь күнү 87 учур катталып, ал бир сутканын рекорддук көрсөткүчү деп катталган.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 57;
Ош шаары - 11;
Чүй облусунда - 11;
Ош облусу - 6;
Нарын облусунда - 9;
Ысык-Көл облусунан - 2;
Талас облусунда - 3;
Жалал-Абад облусунда - 1.
Муну менен республика боюнча жалпы 2472 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 34 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1847 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн